24-августка карата "Ата Мекен", "Актив", "Мекен ынтымагы" жана "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" партиялары БШКга документтерин тапшырышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Руслан Изреков билдирди.
Анын айтымында, документтерди кабыл алуу бүгүн, 24-августта саат 18:00дө токтотулат.
"Бул жерден "Ата Мекен" партиясы гана документтерин жаңы эрежеге ылайык тапшырышты. Эскерте кетсек, жаңы эреже боюнча талапкерлердин тизмеси кагаз жүзүндө жана электрондук вариантта берилиши керек", - дейт Изреков.
Ал эми БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева каттоо документтерин тапшырып жетишпей калган партиялар үчүн мөөнөт узартылбай турганын эскертти.
Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген. 3-сентябрда БШК бюллетенге кире турган партиялардын тизмесин жарыялайт.