Дагы 3 партия парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Таза коом", "Бүткүл жаштар саясий партиясы", "Адам-Демократ" партиялары шайлоого аттануудан баш тартышты.
Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген. 3-сентябрда БШК бюллетенге кире турган партиялардын тизмесин жарыялайт.