Эки партиянын документтери кайтарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Руслан Изреков билдирди.
"Мекенчил" жана "Ыйман нуру" партияларынын документтери толук болбогондуктан кайтарылды. Учурда алар документтерди толуктап жатышат.
24-августка карата "Ата Мекен", "Актив", "Мекен ынтымагы" жана "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" партиялары БШКга документтерин тапшырышты.
Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген. 3-сентябрда БШК бюллетенге кире турган партиялардын тизмесин жарыялайт.