БШКнын жетекчилиги калган мүчөлөргө кайсы партиялар документин тапшыргандыгы жөнүндө толук жана ишенимдүү маалымат бербей жатат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.
"БШКнын жетекчилиги бизге кайсы партиялар документин тапшыргандыгы жөнүндө толук жана ишенимдүү маалымат берген жок.
Айтканымдай, БШК парламенттик шайлоону өткөрүүгө даяр эмес", - деп жазган Абдрахматова.
Анын айтымында, шайлоого аттанган партиялар саналуу эле калды, бирок жөнөкөй статистика дагы жашырылган.