25-августка караган түнү БШКнын имаратынын алдына партиялардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана журналисттер топтолду. Алар "Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон мыйзамсыз өттү деген маалыматтын чын бышыгын билүү үчүн жыйналышкан.
БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова "Кыргызстан" партиясынын жагдайына комментарий бербей жаткан. Көп өтпөй ал чогулгандарды кабыл алды.
Жыйынтыгында активист, журналист жана партия өкүлдөрүнүн талаптары себеп болуп, БШК тарабынан айрым эреже бузуулар болгондугун мекемеге баргандар айтып чыгышты.
Анда:
Мындан сырткары шайлоого ат салышып жаткан партиялардын 8и документ кабыл алуу бүтөөрүнө 30 мүнөт калганда документ тапшырып үлгүрүшкөн.
24-августта саат 18:20да БШКнын басма сөз кызматы 17 партиянын тизмесин тапшырганын жарыялаган. Алардын ичинде "Кыргызстан" партиясы да бар экени айтылган.
Көп өтпөй социалдык тармактарга "Кыргызстан" партиясы документтерин мыйзамда белгиленген убакыттан кеч алып барганы тууралуу маалыматтар тарап, талкууга түшкөн.