Бүгүн, 25-август саат 10:00дө БШКнын имаратынын алдына шайлоого аттанып жаткан айрым партия мүчөлөрү, укук коргоочулар жана журналисттер чогулду. Алар БШКга документтерин убагында берип жетишпей калды делген төрт партиянын каттоодон өткөндүгүнүн чын бышыгын тактоо үчүн БШКнын өкүлдөрү менен жолугуу үчүн келишкен.
Анда партия өкүлдөрү шайлоодо каралган мыйзамдар бардыгына бирдей иштеши керектигин айтып, жумушчу топтун өкүлдөрү аларга каттоо журналында туура эмес жазылган убакыт боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышты. Алардын алдына Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Руслан Изреков чыгып, жумушчу топ азыр документтер боюнча иштеп жатканын жана бардык суроолорго бүгүн саат 14:00дө өтчү жыйында жооп бериле тургандыгын айтты.
Ал эми укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана жалпы шайлоо системинде жүрүп жаткан иштерге карата нааразы экенин айтып, имараттын алдына плакат көтөрүп турду.
Эске салсак, 25-августка караган түнү БШКнын имаратынын алдына партиялардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана журналисттер топтолгон. Алар "Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттан кеч өтүп калган деген маалыматтын таралышы боюнча чыр чыккан.