"Реформа" партиясы УКМКдан "Кыргызстан" партиясына байланыштуу жагдайды текшерүүнү өтүндү. Бул тууралуу кайрылууну "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"2020-жылдын 24-августунда БШК кызматкерлери "Кыргызстан" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоого документтерди кабыл алууда одоно мыйзам бузууларды кетирген. Документтер мыйзамда белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 61-беренесин бузуу менен кабыл алынган. Документтер партиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө юридикалык ыйгарым укугу жок адамдын атынан кабыл алынды. Каттоо журналына оңдоолор киргизилген жана документтердин берилгендиги партиянын өкүлүнүн колу менен тастыкталган эмес", - деп жазылат кайрылууда.
Клара Сооронкулова УКМКнын жетекчисинен мыйзамсыз аракеттерге катышкан БШКнын кызматкерлеринин жана мүчөлөрүнүн ким экендигин аныктоону өтүндү.