Кечээ, 24-августта саат 18:00гө чейин Борбордук шайлоо комиссиясына парламенттик шайлоодо ат салыша турган саясий партиялар тиешелүү документтерин тапшырып бүтүшү керек болчу. Кечээ кечинде БШКнын алдына "Кыргызстан" партиясы документин саат 18:00дөн кеч тапшырды, ага карабастан ал кабыл алынган деп нааразы болгон тараптар топтолушуп, БШК өкүлдөрү менен жолугушкан. Ортодо БШК аталган партия документти алып келгендеги убакытты эртелетип оңдоп койгон деген талаш-тартыштар жаралган.
Бүгүн, 25-августта "Кыргыстан" саясий партиясы бул боюнча журналисттерге маалымат жыйын берүүдө. Жыйында партия лидери Канатбек Исаев журналисттердин суроолоруна жооп берип, документтер өз учурунда тапшырылганын айтты. Бүгүн, 25-августта БШК дагы журналисттерге бул боюнча маалымат берүүдө.
"Оппоненттер чыныгы күрөштөн качып, ушундай жол менен бизди жарыштан чыгарууга аракет көрүүдө", - деди Исаев.