Бүгүн, 25-августта "Кыргызстан" саясий партиясы бул боюнча журналисттерге маалымат жыйын берди. Жыйында Канатбек Исаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Анда Канатбек Исаев БШКга документтер өз убагында тапшырылганын билдирди.
"Бизден бир жигит барган. Ал "Кыргызстан" саясий партиясынын секретариатынын жетекчиси. Ал документтерди ишеним кат менен тапшырган. Биз Борбордук шайлоо комиссиясынын эрте же кеч берди деген маалыматына карап майнап чыгарабыз. Эгер кандайдыр бир бизге ыңгайсыз чечим чыгарса, сөзсүз юридикалык жак менен тууралайбыз. Анткени биздин артыбызда канча деген шайлоочуларыбыз турат. Кандайдыр бир саясий партиялар өзүнүн кызыкчылыктары үчүн 100 миңдеген шайлоочулары бар партияны чектетүү бул мыйзамсыз", - деди Исаев.