Бүгүн, 25-августта "Кыргызстан" саясий партиясы журналисттерге маалымат жыйын берди. Жыйында Канатбек Исаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Анда Канатбек Исаев журналисттерге талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдөн баш тартты.
"Азыр талапкерлер дагы толук тизмени көрө элек. Ар бир партия үчүн тизмени тактоо өтө кыйынчылыкты жаратат. Ар бирибиз жыйырманчы же онунчу орунга киргибиз келет. Биз курултай өткөргөндө алдыңкы ондукту ачык жарыялаганбыз. Бул баарыңар үчүн ачык эле болгон", - деди ал.