Шайлоо-2020: 17:55, 56, 57, 58, 59. Акыркы мүнөттөрдө шашкан партиялар БШКнын шайын алды

24-августта саат 18:20да БШКнын басма сөз кызматы 17 партия тизмесин тапшырганын жарыялаган. Алардын ичинде "Кыргызстан" партиясы да бар экени айтылган.

Көп өтпөй социалдык тармактарга "Кыргызстан" партиясы документтерин мыйзамда белгиленген убакыттан кеч алып барганы тууралуу маалыматтар тарап, талкууга түштү.

25-августка караган түнү БШКга шайлоого ат салышкан партиялардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана журналисттер чогулуп, БШКнын жетекчилигинен "Кыргызстан" партиясы саат канчада талапкерлеринин тизмесин өткөргөнүн так көрсөтүүнү талап кылышты.

Чогулгандарды БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабыл алып, топтолгондорго имараттын кире беришинде коюлган камерадан алынган видео жана партиялардан келген документтерди каттоо журналы көрсөтүлгөн.

1. "Республика" партиясы 17:54;
2. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы 17:55;
3. "Социал демократтар" партиясы 17:56;
4. "Биримдик" партиясы 17:57;
5. "Мекеним Кыргызстан" партиясы 17:58;
6. "Ордо" партиясы 17:59;
7. "Кыргызстан" партиясы 17:59.

Камерадан алынган видеодогу убакытка караганда "Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрү документтерди мыйзамда белгиленген сааттан кеч алып киришкен.

Ошондой эле партиялардан келген документтерди каттаган журналда да "Кыргызстан" партиясы тапшырган убактысы кол менен оңдолуп, саат 17:59 деп жазылганы көрсөтүлгөн.

Журналда көрсөтүлгөн жазуулар боюнча нааразычылык жаралып, азыркы тапта бул социалдык тармакта кызуу талкууланууда. Анда журналдагы убакыттын оңдолгону жана партиянын өкүлүнүн колу коюлбаганы жарандардын кайчы пикирин жаратты.

Көпчүлүк активисттер БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кызматтан кетүүсүн жана тиешелүү адамдар жоопко тартылуусун талап кылып жатышат.

БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну эрежеге ылайык, 24-августта саат 18:00дө токтотушу керек болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан