Шайлоо-2020: БШК: "Кыргызстан", "Биримдик", " Реформа" партияларынын документтери карала элек"

Бүгүн, 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын пресс залында БШКнын төрайымы, шайлоо боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү, партия өкүлдөрү жана журналисттердин катышуусунда маалымат жыйыны өтүүдө.

Жыйындын башында жумушчу топтун мүчөсү Абдыжапар Бекматов БШКга каттоо үчүн берилген партиялардын документтери тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, каттоого келген документтердин арасында 3 партиянын документтери карала элек. Алар "Кыргызстан", "Реформа", "Биримдик" партиялары.

Калгандарыныкы жумушчу топ тарабынан каралып чыгып, айрым мүчүлүштүктөр аныкталган. Эми мыйзамга ылайык, аларды оңдоо үчүн партияларга кошумча 48 саат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан