Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо боюнча документтерди кабыл алган жумушчу тобу партиялардан келген документтер боюнча маалымат берүүнү улантууда. Алгач "Реформа" партиясы боюнча маалымат берилди. Анда партия 85 талапкердин тизмесин бергенин жана мыйзамдын талаптарына шайкеш келбестиктердин бар экенин айтышты.
Жумушчу топ БШКнын төрайымына "Кыргызстан" партиясынын документтерин кайтаруу боюнча сунушун айтты. Алар буга документтерди партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү эмес, башка адам алып келген деген жүйөөнү келтиришти.
Партиянын өкүлү бул сөздү кубаттап, өзүн жакшы эмес сезгендиктен кечээ БШКга документтерди жеткире албай калганан билдирди.
Азырынча БШК "Кыргызстан" партиясынын документтерин кабыл алуу же кайра кайтаруу боюнча бир жыйынтыкка келе элек.
Буга чейин "Кыргызстан" партиясынын төрагасы Канатбек Исаев маалымат жыйын берип, документти жеткирген адам "Кыргызстан" саясий партиясынын секретариатынын жетекчиси экенин, документтер БШКга өз учурунда берилгенин айткан.