Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кечээги болуп өткөн окуя боюнча "Кыргызстан" партиясына байланышуу мүмкүн болбогонун айтып, маалымат жыйында партиянын атынан келген өкүлдүн түшүндүрмө берүүсүн суранды. Буга "Кыргызстан" партиясынын өкүлү төмөндөгүдөй жооп берди: "Биз документтерди жекшемби күндөн баштап эле тапшыра баштаганбыз. Кечээ мен өзүмдү жаман сезип, ордума башка адамды жөнөткөнүм үчүн, кол коюлган эмес".
Буга чейин "Кыргызстан" партиясынын төрагасы Канатбек Исаев маалымат жыйын берип, документти жеткирген адам "Кыргызстан" саясий партиясынын секретариатынын жетекчиси экенин, документтер БШКга өз учурунда берилгенин айткан.