24-августта "Кыргызстан" партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин каттоо үчүн документ кабыл алуунун мөөнөтүнө байланыштуу чыр чыккан.
БШК "Кыргызстан" партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарды.
Мындай чечим 25-августта жумушчу топтон "Кыргызстан" саясий партиясынын документтерин кайтарып берүү жөнүндө сунушу каралгандан кийин кабыл алынды.
Жыйында "Кыргызстан" саясий партиясынын документтери кабыл алынганы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан тастыктама берилбегени айтылды.
Чечимди уккан партиянын жетекчиси Канатбек Исаев чечимге макул эмес экенин айтып, сотко кайрыларын билдирди.