Бүгүн, 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында "Кыргызстан" партиясынын тапшырылган документтерин артка кайтаруу боюнча чечими кабыл алынды.
Ага ылайык, шайлоо боюнча жумушчу топ аталган партиянын берген документтеринен мыйзамга шайкеш келбеген мүчүлүштүктөр табылгандыктан, мындай чечим кабыл алынганын билдирген.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргызстан" партиясынын лидери Канат Исаев менен байланышканда, ал БШКнын жумушчу тобунун кабыл алган чечиминин үстүнөн сотко кайрыларын билдирди.
Эске салсак, 25-августка караган түнү БШКнын имаратынын алдына партиялардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана журналисттер топтолгон. Алар "Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттан кеч өтүп калган деген маалыматтын таралышы боюнча чыр чыккан.