"Кыргызстан" саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгарган чечимине макул эмес. Бул тууралуу партиянын расмий билдирүүсүндө айтылат.
Партиянын лидери Канатбек Исаевдин айтымында, "Кыргызстан" партиясынын өкүлү өз убагында мыйзамдардын бардык талаптарын сактап, талапкерлердин тизмесин каттоодон өткөрүү үчүн тиешелүү документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырган. Мындан тышкары документтерди берген адамга ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишеним каты берилген.
"БШК бул чечим шайлоонун жүрүшүнө канчалык деңгээлде таасир этерин эске алып, кайра чечим кабыл алышы керек. Бул добуштарды сатуу, чегинен тышкары мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүү сыяктуу аракеттер эмес.
Бул техникалык ката жана шайлоо процессине эч кандай таасир тийгизе албайт. Бул жүздөгөн, миңдеген шайлоочулардын жана "Кыргызстан" партиясынын шайлоочуларынын укугун тебелөө аракети, партияны тизмеден алып салуу аракети", - деген Исаев.
Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими айрым саясий партиялардын жана жеке адамдардын кысымы астында кабыл алынды. Буга байланыштуу жакын арада алар сотко даттанышат.