"Эркин Кыргызстан" партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу парламенттик шайлоого "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен биргеликте аттанып жатканын маалымдаган. Бирок "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКга берген тизмесине анын аты-жөнү кошулбаганын Турсунбай Бакир уулу SUPER.KG порталына билдирди.
"Мен "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан кеткен эмесмин. Тизмеден алынганымды кечээ эле билдим. Себеби БШКга берилген тизмеде менин аты-жөнүм жок экен. Партиянын 19-августта өткөн курултайында программа бекитилип, тизмеге кирген талапкерлер такталган. Анын чечиминин көчүрмөсү менде бар. Менин чыгып калышыма партия лидери менен ойлорубуздун дал келбей калышы себеп болушу мүмкүн", - дейт Бакир уулу.
Бул боюнча "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын басма сөз кызматына байланышканыбызда, Турсунбай Бакир уулунун тизмеден эмне себептен чыгып калганы тууралуу маалыматтары жок экенин билдиришти.