Борбордук шайлоо комиссиясына 17 партия каттоого документтерин беришкен, БШК алардын 16сын кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү партиялар каттоого документтерин беришкен:
1. “Актив”;
2. “Афганистан согушунун жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясы”;
3. “Мекен Ынтымагы”;
4. “Ата-Мекен” социалисттик партиясы;
5. “Мекенчил”;
6. “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“;
7. “Ыйман Нуру”;
8. “Замандаш”;
9. “Чоң Казат”;
10. “Реформа”;
11. “Республика”;
12. “Бүтүн Кыргызстан”;
13. “Социал-демократтар”;
14. “Биримдик” (“Единство”) демократиялык партиясы;
15. “Мекеним Кыргызстан”;
16. “Ордо”;
Абдыжапаровдун билдирүүсүнө ылайык, партиялар документтердин тизмегин толугу менен жеткире албай калса же туура эмес болуп калса, аны оңдоп берүү үчүн дагы 10 календардык күн берилет.
Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди тапшыруу 2020-жылдын 24-августунда соңуна чыкты. Ал эми 3-сентябрда добуш берүү бюллетенине кирүүчү талапкерлердин тизмеси такталат. Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген.