ЭЛДИК КАБАР: "Бир тууганымды күйөөсү жылаңачтап алып таанылгыс кылып сабаган" дейт окурман

Жалал-Абад облусунун Кербен шаарчасында күйөөсү аялын таанылгыс кылып сабап, ур-токмокко алган. Окуя кечээ, 25-августта болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө келиндин бир тууганы маалымдап, жабыркаган сиңдисинин сүрөттөрүн жиберди.

"Окуя кечээ болду. Күйөө балам үйүнө келип, "сен башка жакка бардың" деп үйүндөгүлөрдү кууп чыгып, аялын чечинтип алып, жылаңач абалда түнү бою электр узарткычы менен сабаган. Анын кичинекей эмчектеги баласы бар, аны уктатып кошунасыныкына качып чыккан.
Бул биринчи жолкусу эмес, сиңдимдин азыркы тапта абалы орто. Ал сүйлөй албай жатат, бети-башы шишиген, денеси бүт көк ала. Күйөө бала "кылдан кыйкым тапкыч". Сиңдимди себепсиз сабай берет", - деп билдирди жабыркаган келиндин бир тууганы.
SUPER.KG порталы окуяга тиешелүү бардык тараптардын пикирин угуп жарыялоого даяр.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
GS-Zari
2020-08-26 16:30:13
Акмак,айбан андан башка соз жок, коп го кордук коргон аялдар...
+14
-BOSS-
2020-08-26 16:33:19
Азыркы эркектердин аялдарга,чалдарга балдарга гана алып жетип калганбы? Эркек дегенге дагы ооз барбайт го буларды.
+20
i1urp
2020-08-26 16:43:15
Мына аялдардын оор заманы. Бир келген турмушунда азапты коруп отушот.
+6
al-abu-kinesz
2020-08-26 17:41:45
Туура, эгерде Ислам дини менен жашаганда мындай болмок эмес.
+3
katerina.li
2020-08-26 20:47:56
al-abu-kinesz,ой исламдамын деп аялына жашоо коргозбогондор тооолтура. Четинен чыгат ненормальные
-2
Mister-X
2020-08-27 02:54:38
katerina.li,Терен ойлонуп суйлочу.Молдо менен дин башка нерсе.Молдо адам,молдого ишенип динди жамандаган адам эн томон адам болот.
-3
Bekmamat
2020-08-26 17:21:52
Дагы эле баягы эле сценарий болот да. Жолдошу кечирим сурайт, балдарым бар деп кечирет. Ошентип кундор ото берет. Алты айдан отбой башталат ур токмок. Кыргыздын келиндери озунун укукдарын билбейт. Акыйкатчылар каякды карап журушот. Же америкалыктар уй булолук чырга акча болбойбу. Бирок медалдын арты дагы дагы бер. Бул уйбулого эмне болгон оздору билет да. Эгер эркек болсон аялды эч качан урбаш керек.
+13
nazira...
2020-08-26 18:09:53
Жок, эмне учун ушу кунго чейин аял озу кайрылбаган. Башкаларга баарибир да, эгер майып болуп калса куйоосу аны таштап башка катын алып кете берет. Же акылы айныган аял бекен, азыркы кбакта сабатсыздык жоюлган, баары кат тааныйт, тушунот.милицияга кайрылып экинчи кол которбрйм деп жаздырып алып, уч эле кун каиатып койсо корот элем кол которгонун. Шугур дейм куйоомо, кудай сактасын мындай эркектен
+8
nurka_85
2020-08-26 18:31:33
Эхх, ушундай күндөрдүн көбүн көрүп, акыры чыдабай, фундаментинен баштап салган эки этаж үйгө карабай 3 баламды ээрчитип, курсактагымды көтөрүп басып кеткенмин. Эч арман кылбаймын, өкүнбөймүн балдарымды анын бир тыйынысыз чоңойтуп келе жатам. Өз укугумду билчүмүн, бирок, элден намыстанып жүрө берипмин. Намыстан дагы ден соолук жогору экен.
+12
Sajakat14
2020-08-27 15:22:32
nurka_85,Кудай астында ар бир адам биринчи өзүнүн ден соолугу, моралдык ден соолугу үчүн жооп берет деп ойлойм. Өзүбүздүн денебизге, ден соолугубузга жооп беребиз деп ойлойм. Өзүбүздүн ден соолугубуз өзүбүзгө аманат деп ойлойм Кудайдан! Эгер ошол ден соолугуңарды талкалагычка чыдасаңар анда силер бул жашоодо физикалык же психикалык майып болуп жашаганга туура келет. Андай оорулуу башкага эмес өзүнө өзү кереги жок болуп калат. Ошон үчүн адам биринчи өзүн сыйласын!Чыдагандын дагы чеги бар!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан