"Кыргызстан" партиясынан талапкер Талант Мамытов Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин алганда дароо сотко кайрылышарын SUPER.KG порталына билдирди.
"Биз БШКнын чечимин күтүп жатабыз. Юристтер даяр, БШКнын токтомун алгандан кийин расмий түрдө, заматта эле сотко кайрылабыз.
Мыйзам боюнча сот органдары 3 күндүн ичинде чечим кабыл алышы керек. Мыйзам биз тарапта, бизде жүйөөлү себептер бар. Мындан тышкары коомчулукта дагы калыс адамдар өздөрүнүн пикирлерин айтып жатат. Буюрса биз жеңебиз", - дейт Талант Мамытов.
"Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттан кеч өтүп калган деген маалыматтын таралышы боюнча чыр чыккан. 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында "Кыргызстан" партиясынын тапшырылган документтерин артка кайтаруу боюнча чечимин кабыл алган. Аталган партиянын лидери Канат Исаев БШКнын жумушчу тобунун кабыл алган чечиминин үстүнөн сотко кайрыларын билдирген.