Шайлоо-2020: "Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкери суракка чакырылды

Ошто "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Шайлообек Атазов суракка чакырылды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, Шайлообек Атазов өзүнүн Фейсбук баракчасына жазган посту үчүн суракка чакырылган.

"Депутаттыкка талапкерди милиция суракка алып, провокацияга жол берилбеши керектиги жөнүндө алдын-ала сүйлөшүү жүргүздү. Анын социалдык тармакка жарыялаган посту атайын экспертизага берилди", - деп билдирди маалымат катчы.

Талапкер социалдык тармактагы баракчасынан алып салган посту тууралуу билдирүү калтырган.

"Мен кечээ жазган посту жакын досумдун суранычы менен алып койдум. Бирок бул деген Азамат Арапбаевдин Ош шаарында жүргүзүп жаткан иштерине мындан ары баа берүүнү токтоттум дегендик эмес.

Табиятымдан чындыкты бетке айткан инсанмын. Азамат Арапбаев эле эмес, кайсы партия болбосун элдин укугун тебелеп, өзүнүн зөөкүрлүгүн көрсөтсө, аны карап турбайм! Мен үчүн эң ыйык элибиздин эркиндиги! Элим үчүн баардык нерсеге даярмын!", - деп билдирүү калтырган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adil18
2020-08-26 20:32:47
Шайлообек Атазовду мекенчил деп билемин.
Женишке жетиниз округунуздан!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан