Шайлоого катталуу эрежелерин сактаган жок деген негизде БШК документтерин кайтарып берген "Кыргызстан" партиясы шайлоого катышуу аракетин улантууда. Буга чейин партия лидери Канатбек Исаев Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомун колуна алганын билдирген.
Бул арада Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын эсебине келип түшкөн каражаттардын жана алардын чыгымдалышы тууралуу маалыматты жарыялады.
Мекеменин маалыматына ылайык, шайлоо жарышынан четтеген "Кыргызстан" партиясы 39 миллион 335 миң 620 сом короткон. Ал эми которгон суммасы 47 миллион 968 миң 364 сом деп көрсөтүлгөн БШКнын сайтында.
27-августта Биринчи Май райондук сотунда партиянын шайлоодон четтетилгенине байланышттуу соттук отурум болот.