Шайлоо фондунан партиялар канча каражат коротту? Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын эсебине которулган каражат жана анын канчасы чыгымдалгандыгы тууралуу маалыматты жарыялады. Төмөндө көрсөтүлгөн сандар ушул жылдын 21-августуна карата экендиги жазылат маалыматта.
- "Мекеним Кыргызстан" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма 16 миллион 435 миң сом. Коротулган - 13 миллион 426 миң 852 сом;
- "Социал демократтар" партиясынын шайлоо фондуна 1 миллион 986 миң 510 сом которулган. Коротулганы - 1 миллион 967 миң 375 сом;
- "Бир Бол" партиясынын эсебинде 15 миллион 103 миң 170 сом деп көрсөтүлсө, коротулганы 13 миллион 293 миң 758 сом;
- "Республика" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма - 9 миллион 500 миң сом, чыгымдалганы - 6 миллион 880 миң 958 сом;
- "Биримдик" партиясынын шайлоо фондуна которулган сумма - 32 миллион 699 миң 900 сом болсо, анын ичинен 14 миллион 296 миң 68 сому чыгымдалган
- "Чоң казат" партиясынын шайлоо боюнча атайын эсебине которулган сумма 6 миллион 151 миң 914 сом болсо, чыгымдалганы 1 миллион 38 миң 296 сом;
- "Мекенчил" партиясынын шайлоо боюнча эсебинде 7 миллион 511 миң 500 сом болсо, чыгымы 5 миллион 11 миң 320 сом;
- "Ата Мекен" партиясынын шайлоо фондунда 12 миллион 374 миң 646 сом. Ал эми партия короткон сумма 5 миллион 774 миң 778 сом;
- "Реформа" партиясынын шайлоо эсебине келип түшкөн каражат 4 миллион 426 миң 937 сом, чыгымы - 1 миллион 7 миң 523 сом;
- "Кыргызстан" партиясынын шайлоо эсебиндеги каражат - 47 миллион 968 миң 364 сом, коротулганы - 39 миллион 335 миң 620 сом;
- "Ордо" партиясынын атайын эсебине 5 миллион 150 миң сом которулган. Ал эми коротулган каражат - 921 миң 496 сом;
- "Мекен Ынтымагы" партиясынын шайлоо фондуна которулган акча - 1 миллион 937 миң сом, чыгымы - 78 миң 690 сом;
- "Нур" либералдык-демократиялык партиясынын шайлоо фондуна түшкөн каражат 28 миң 320 сом болсо, анын ичинен 23 миң 340 сом чыгымдалган;
- "Замандаш" партиясынын шайлоо боюнча атайын эсебине 13 миллион 439 миң сом которулган. Партия короткон каражат 12 миллион 78 миң 535 сом;
- "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын шайлоо эсебине түшкөн сумма 250 миң сом, чыгымы 113 миң 590 сом;
- "Ыйман нуру" партиясынын шайлоо эсебине 5 миллион 511 миң 350 сом которулса, 511 миң 267 сому коротулган;
- “Афганистан согушунун жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясынын" шайлоо боюнча атайын эсебине 5 миллион 701 миң сом которулса, анын ичинен 5 миллион 300 миң 910 сом чыгымдалган;
- "Кыргызстандын Жашылдар" партиясынын шайлоо эсебине которулган сумма 200 сом, коротулганы 0 сом деп көрсөтүлгөн.