Шайлоо-2020: Дагы бир партия шайлоого катышпай калышы мүмкүн

Борбордук шайлоо комиссиясы "Актив" саясий партиясын шайлоого катышуудан четтетиши мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мекеменин басма сөз кызматынын башчысы Руслан Изреков билдирди.

"Аталган партия БШКга бардык документтерин убагында тапшырган, бирок алар 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төккөн эмес. Алардын маселеси боюнча чечимди БШКнын жумушчу тобу чыгарат", - дейт Изреков.

Шайлоолор жөнүндөгү мыйзамга ылайык, партиялар 24-августка чейин БШКнын эсебине шайлоо күрөөсүн которушу керек. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди тапшыруу 2020-жылдын 24-августунда соңуна чыкты. Ал эми 3-сентябрда добуш берүү бюллетенине кирүүчү талапкерлердин тизмеси такталат. Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан