Бүгүн, 27-августта Бишкектин административдик сотунда "Кыргызстан" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы арызы каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына партиянын лидери Канат Исаев билдирди.
Анын айтымында, бул иш саат 15:00дө каралат.
"Кыргызстан" партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген.
"Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттан кеч өтүп калган деген маалыматтын таралышы боюнча чыр чыккан. 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында "Кыргызстан" партиясынын тапшырылган документтерин артка кайтаруу боюнча чечимин кабыл алган.