"Эркин Кыргызстан" партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу парламенттик шайлоого "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен бара турганын маалымдаган. Бирок ал кечээ, 26-августта талапкерлердин тизмесинен алынып калганын билдирген болчу. Турсунбай Бакир уулу эми бул боюнча "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын үстүнөн сотко арызданарын SUPER.KG порталына айтты.
Турсунбай Бакир уулу БШКга "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын курултайында бекитилген тизме өткөрүлбөсө, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрыларын айтат.
"Чындыкты БШКдан таппасам, анда сотко кайрылганга укугум бар деп эскерткенмин. Азырынча бул маселе боюнча мен адилеттүүлүк менен мыйзамдуулукту күтүп жатам", - дейт Бакир уулу.
Бул боюнча "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдон жооп алуу мүмкүн боло элек. Ал эми кечээ, 26-августта партиянын басма сөз кызматы Турсунбай Бакир уулунун тизмеден эмне себептен чыгып калганы тууралуу маалыматтары жок экенин, тизмедеги талапкерлердин ишине алар киришпей тургандыгын билдирген.