"Нур" саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. 24-августта 17 партия БШКга тийиштүү документтерди расмий тапшырган. Бирок "Кыргызстан" партиясынын документтери артка кайтарылган. "Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттан кеч өтүп калган деген маалыматтын таралышы боюнча чыр чыккан.