Бүгүн, 27-августта Бишкектин административдик сотунда "Кыргызстан" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы арызы каралды. Сот бул боюнча чечим чыгарды. Ага ылайык, БШКнын чечими жокко чыгарылды.
Сот залынан чыккан партия лидери Канатбек Исаевди журналисттер тосуп алды. Бирок ал комментарий берген жок. Партиядан депутаттыкка талапкер Талант Мамытов: "Сот биздин арызды карап, канааттандырды. БШКнын жумушчу тобунун чечимин жокко чыгарды. Бишкек шаардык административдик соту адилеттүү чечим чыгарды", - деди ал.