"Биз азыр БШКнын астына митингге чыгабыз. Соттун чечимине нааразыбыз. БШКнын жумушчу тобунун чечими туура болчу. Бирок бүгүнкү соттун чечими менен макул эмеспиз", - деди "Ата-Мекен" партиясынан депутатыкка талапкер Тилек Токтогазиев.
Ал мындай пикирин бүгүн, 27-августта "Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечиминин үстүнөн жазган арызы боюнча соттун чечими чыккандан кийин айтты. Сот БШКнын чечимин жокко чыгарган болчу.