"Кыргызстан" партиясынын дооматын канааттандырган сотко нааразы болгон тарап БШКнын алдына келди. "Ата Мекен" партиясынан талапкер Тилек Токтогазиев, "Реформа" партиясынан талапкер Эркин Нурбаев жана башка 10го жакын адам келди. "Кыргыз жарандары менен биргеликте мыйзамдын бийиктигин тастыктап, аныктап алышыбыз керек", - дейт Нурбаев.
Алар БШКнын мүчөлөрү кабыл алышын талап кылып жатышат. Тилек Токтогазиев маселе чечилмейинче БШКнын алдында түнү менен турарын айтты.