Соттун "Кыргызстан" партиясы боюнча чечимине нааразы болгондорго БШКнын өкүлү түнкү саат 02:00 чамасында чыкты

Соттун "Кыргызстан" партиясы боюнча чечимине нааразы болгондорго БШКнын өкүлү түнкү саат 02:00 чамасында чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынан Тилек Токтогазиев билдирди.

"БШКнын юридикалык бөлүмүнүн башчысы саат 02:00 чамасында чыкты. Ал "эртең менен кассациялык арыз боюнча сөзүбүздү айтабыз" дешкен. Процедура боюнча БШКнын мүчөлөрү чогулуп, бир чечимге келиши керек экен", - деди Токтогазиев.

24-августта "Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттан кеч өтүп калган деген маалыматтын таралышы боюнча чыр чыккан. 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргызстан" партиясынын тапшырылган документтерин артка кайтаруу боюнча чечимин кабыл алган. Аталган партия Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген. Сот БШКнын чечимин жокко чыгарган. Соттун чечимине нааразы болгон тарап БШКнын алдына барышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан