ЭЛДИК КАБАР: "2 жыл мурда салынган жолубузду талкалап бүтүштү, Папан-Ош унаа жолу оор абалда" дейт окурман

Папан-Ош унаа жолу жүк ташуучу унааларга 18-20 тоннага чейин гана ылайыкташтырылган. Бирок азыркы тапта жол аркылуу көмүр ташыган 35-45 тонналык оор жук ташуучу (хово) унаалар өтүп, жол талкаланып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кабарлады.

"Бул көйгөй бардык Папан элинин көйгөйү. Биздин айыл аймагынан сырткары атайын оор жүк ташуучу унааларга объездной жол салынган.

Оор жүк ташуучу унаалар жолду кыскартып, биздин айылдын ичин аралап өтүшүп, 2 жыл мурда салынган жолубузду талкалап бүтүштү. Тиешелүү тараптардан Папан-Ош жолун өз көзөмөлүңүздөргө алып, жолубузду оңдоп-түздөп, өз калыбына келтирип жана пост коюп беришиңиздерди өтүнөбүз", - деп билдирди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан