"Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев жана партия мүчөсү Талант Мамытовдун катышуусунда бүгүн, 28-августта чукул маалымат жыйын өттү. Жыйын Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин административдик сотунун чечиминен баш тартып, "Кыргызстан" саясий партиясынын документтерин кабыл албай койгондугу боюнча болду.
Маалымат жыйын учурунда Исаев буга чейин өткөн шайлоолордо добуштарды сатуу сыяктуу көп аракеттер болгонун айтып, ал учурда БШК аларга эч кандай чара көрбөгөнүнө токтолду.
Ал соттун чечиминен кийин да БШК өз чечиминде туруп алганын одоно мыйзам бузуу деп сыпаттады.
"Бул добушту сатып алуу керек болсо кылмыш болуп эсептелет. Мыйзамсыз үгүт иштери жүргөнү аныкталып, каржы фондунан сырткары акча каражаттар бөлүнгөн учурларда да БШК аларга болгону эскертүү берүү менен чектелген. Ага салыштырмалуу техникалык ката эч бир нерсеге таасир этпей турган жагдай болчу. Ага карбастан БШК биздин партияны каттабай койгон. Ошол себептердин баарын сот эске алып, партиянын пайдасына чечим чыгарды.
Тилекке каршы соттун чечимин БШК кабыл алуудан баш тартты. Бул өтө одоно мыйзам бузуу деп айтсак болот. Анткени алар эгерде Жогорку сотко кайрылабыз деген күндө дагы, соттун чечими аткарылууга тийиш. Мындайча айтканда КРнын мыйзамдарын баарыбыз аткарууга тийишпиз", - деп билдирди Исаев.
25-августта БШК "Кыргызстан" партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарган. Ага БШКнын партия шайлоого катталуу эрежелерин так аткарган эмес деген жүйөөсү себеп болгон.
Партия келтирилген жүйөөлөрдү шайлоого олуттуу таасир тийгизбеген техникалык ката деп баалаган. Партия БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арызданган.
Административдик сот ишти 27-августта карап "Кыргызстан" партиясынын шайлоого катышуу боюнча арызын канааттандырган.
Ал эми бүгүн, 28-августта Борбордук шайлоо комиссиясы Административдик соттун чечимине нааразы болуп, Жогорку Сотко кайрыла турганын маалымдаган.