Шайлоо-2020: Турсунбай Бакир уулу БШКга "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын үстүнөн арыз менен кайрылды

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жана анын лидери Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз менен кайрылды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда Турсунбай Бакир уулу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКга берген талапкерлердин тизмесин каттоого албаш керектигин айткан.

"Бул маселени жумушчу топ карап чыкты. Акыркы чечим бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында кабыл алынат", - дешти мекемеден.

Бул боюнча "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан комментарий алуу мүмкүн боло элек. Ал эми Турсунбай Бакир уулуна байланышканыбызда төмөндөгүлөргө токтолду.

"БШКга арыз менен кайрылганым анык. Жумушчу топ биздин маселени карап жатканда, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү да келди. Мен жумушчу топко бардык керектүү документтерди көрсөттүм. Мени "Бүтүн Кыргызстан" партиясы курултайда конок катары келген деп айтышыптыр. Бирок алардын ыйгарым укуктуу өкүлү жумушчу топко курултайдын видеосун же мен талапкер эмес, конок болгонумду тастыктоочу документтерди бере алган жок. Алардын айтымында, бардык документ жана видеолорду партиянын мурунку штаб жетекчиси алып кеткен экен. Бирок кечээ, 31-августта штаб жетекчи болгон адам дагы келди. Ал БШКга эч кандай видео же башка материалдарды алып кетпегенин билдирди. Менде болсо курултайда жазылган аудио жазуу бар. Анда Адахан Мадумаров алдыңкы 20 талапкердин аты-жөнүн өзү окуп бергени жазылган", - деп билдирди Бакир уулу.

Эске салсак, мурда Турсунбай Бакир уулу партиянын үстүнөн сотко кайрыларын билдирген.

Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди тапшыруу 2020-жылдын 24-августунда соңуна чыккан. Ал эми 3-сентябрда добуш берүү бюллетенине кирүүчү талапкерлердин тизмеси такталат. Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
XATSAN125
2020-09-01 12:06:40
Тушунуксуз
0
Imon7
2020-09-01 13:08:49
Жаман митаам киши! Эми артынан калбайт, каерге барса сайгылай берет
+7
gulya583
2020-09-01 13:39:02
Митаам киши эле болсо бир жон. Катындан бешбетерго. Кайсы уятына депутаттыка койду эми. Кайсы ит шайлайт муну
+4
talaa11
2020-09-01 14:00:32
Аксакалдай болуп сыйын менен журо берсен болмок сакалын ортонгур катынпоз
+4
Jelezo
2020-09-01 21:30:56
Бул түрк эмне баалени баштап жатат.Бийлик менен макулдашкан бир сыры бар.
+1
Imon7
2020-09-01 22:44:19
Jelezo,туркбу?
+1
Jelezo
2020-09-02 21:04:06
Imon7,накта атасы менен ыраматылык айылдаш акебиз түрмөдө бирге отурган ошол киши айтып берген эле түрк болот деп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан