Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Сотто Борбордук шайлоо комиссиясынын Бишкектин административдик сотунун “Кыргызстан” партиясына карата чыгарган чечиминин үстүнөн берген кассациялык даттануусу каралып, ага карата соттун чечими чыкты. "Кыргызстан" партиясы күздө өтүүчү шайлоого катышуу укугуна ээ болду.
Буга карата "Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев "Биз бул чечим акыйкат жана мыйзамдуу болду деп ойлойбуз. Биз келтирген жагдайлар негиздүү болду", - деди.
Соттун чечими чыккан маалда Жогорку Соттун имаратынын алдында партиянын тарапташтары кубанып, жеңишти майрамдап жатышты. Ал эми алардын саясий оппоненттери соттун мындай чечимине нааразы болуп, эски аянттан дароо тарап кетишти. Арасынан "Ата Мекен" партиясынын өкүлү, жаш саясатчы Тилек Токтогазиев менен баарлашканыбызда мыйзамдуулук сакталбаганын айтты.
"Албетте, бүгүнкү чечим акыйкатсыз болду деп эсептейбиз. Мыйзамдуулук сакталган жок. Тартипке баарыбыз баш ийишибиз керек да. Эгер аэропортко барганда билетте көрсөтүлгөн убакыттан кеч калсаң, учакка отурбай каласың. "Кыргызстан" партиясы дагы аэропортко кечигип калгандай болду. Бирок акырына чейин "Таза шайлоо" үчүн күрөшөбүз", - деди Токтогазиев.
Эске салсак, 24-августта "Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттан кеч өтүп калган деген маалыматтын таралышы боюнча чыр чыккан. 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргызстан" партиясынын тапшырылган документтерин артка кайтаруу чечимин кабыл алган. Аталган партия Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген. Сот БШКнын чечимин жокко чыгарган. Соттун чечимине нааразы болгон тарап БШКнын алдына барышкан. Ал эми 27-августта Бишкектин административдик сотунун чечими мурда кабыл алынып, БШКнын чечимин жокко чыгарылган. Буга карата БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова "Кыргызстан" партиясы тууралуу соттун чечими боюнча БШК Жогорку Сотко кассациялык арыз менен кайрыларын билдирген.
Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди тапшыруу 2020-жылдын 24-августунда соңуна чыккан. Ал эми 3-сентябрда добуш берүү бюллетенине кирүүчү талапкерлердин тизмеси такталат. Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген.