"Акыйкат чечим!", "Сот сатылба". "Кыргызстан" партиясы менен ага каршы тараптардын тиреши уланууда

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Сотто Борбордук шайлоо комиссиясынын Бишкектин административдик сотунун “Кыргызстан” партиясына карата чыгарган чечиминин үстүнөн берген кассациялык даттануусу каралууда.

Ушул тапта Жогорку Соттун имаратынын алдында бир гана "Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрү эмес, БШКнын чечимин колдогон башка партия өкүлдөрү дагы келип соттун чечимин күтүүдө. "Кыргызстан" партиясынын тарапташтары музыканын коштоосунда тынчтык митингин өткөрүп жатышса, алардын саясий оппоненттери "Сот сатылба!" деп ураан чакырышууда.

Эске салсак, 24-августта "Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттан кеч өтүп калган деген маалыматтын таралышы боюнча чыр чыккан. 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргызстан" партиясынын тапшырылган документтерин артка кайтаруу чечимин кабыл алган. Аталган партия Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген. Сот БШКнын чечимин жокко чыгарган. Соттун чечимине нааразы болгон тарап БШКнын алдына барышкан.
Ал эми 27-августта Бишкектин административдик сотунун чечими мурда кабыл алынып, БШКнын чечимин жокко чыгарылган. Буга карата БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова "Кыргызстан" партиясы тууралуу соттун чечими боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Сотко кассациялык арыз менен кайрыларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Agayu
2020-09-01 19:17:32
Сот сатылса , шайлоого барыштын кажети жок !!!!!!!
-1
talaa11
2020-09-01 20:04:02
Ушуга окшогон соттордун меесин чачырата атып салса акмак арамкорлорду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан