"Кыргызстан" партиясы VS БШК: Жогорку Сот административдик соттун чечимин күчүндө калтырды (видео)

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Сотто "Кыргызстан" партиясынын шайлоого катышуу укугу боюнча иши каралат. Процесс саат 16:00дө башталган.

Эске салсак, 24-августта "Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттан кеч өтүп калган деген маалыматтын таралышы боюнча чыр чыккан. 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргызстан" партиясынын тапшырылган документтерин артка кайтаруу чечимин кабыл алган. Аталган партия Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген. Сот БШКнын чечимин жокко чыгарган. Соттун чечимине нааразы болгон тарап БШКнын алдына барышкан.
Ал эми 27-августта Бишкектин административдик сотунун чечими мурда кабыл алынып, БШКнын чечимин жокко чыгарылган. Буга карата БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова "Кыргызстан" партиясы тууралуу соттун чечими боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Сотко кассациялык арыз менен кайрыларын билдирген.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TIMON_BERKOWITZ
2020-09-01 22:15:28
Бир байке сурап атыр:
- Иним качан Кыргызстан онолот?
- Качан сиз экообуз патентти и соцфондту оз убагында толоп баштаганда. Даярсызбы?
- Жоок...

Демек, онолгубуз келсе озубуздон баштайлы. Пейилибизге жараша ошондо татыктуу башчылар келишет. А булар олувам кетишсин ары шайлоосу менен)
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан