Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Сотто "Кыргызстан" партиясынын шайлоого катышуу укугу боюнча иши каралат. Процесс саат 16:00дө башталган. Саат 19:30дан өтүп соттун чечими чыкты. Ага ылайык, сот буга чейинки административдик соттун чечимин күчүндө калтырды. БШКнын доо арызы канааттандырылган жок.
"Биз бул чечим акыйкат жана мыйзамдуу болду деп ойлойбуз. Биз келтирген жагдайлар негиздүү болду", - деди "Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев.