Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында "Кыргызстан" партиясынын маселеси каралат

Бүгүн, 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында "Кыргызстан" партиясынын шайлоого катышуу жана документтерин кабыл алуу же албоо маселеси каралат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Азыркы тапта жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана жумушчу топтун мүчөлөрү чогулушту. Анда шайлоого болгон даярдыктар жана Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырган депутаттардын бош калган орундарын башкаларга өткөрүп берүү маселелери каралууда.

Мындан тышкары күн тартибине "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен экс-депутат Турсунбай Бакир уулунун шайлоого түзүлгөн тизме боюнча талаш маселесин кароо да коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан