Жактоочу Таалайгүл Токтакунова "Мекеним Кыргызстан" партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясында өткөн жыйында белгилүү болду.
Таалайгүл Токтакунова коомчулукка бир нече салмактуу саясатчылардын соттук иштеринде алардын кызыкчылыгын коргогон жактоочу катары белгилүү. Ал "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго, мурдагы элчи Кылычбек Султанга, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго жактоочулук кылган.