БШК төрт саясий партиянын тизмесин каттады

Бүгүн, 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп жатат. Жыйында БШК төрт саясий партиянын тизмесин каттады.

Жыйында БШКга катталган төрт саясий партия: "Ата-Мекен", "Бир Бол", "Замандаш" жана "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы". БШКнын бул саясий партияларга эч кандай дооматы жок.

Жалпысынан 16 партия өз убагында каттоого документтерин тапшырган. Бирок "Актив" партиясы 5 миллион сом шайлоо күрөөсүн төлөбөгөндүктөн шайлоодон четтетилген.

4-октябрда өтө турган шайлоого үгүт иштери 4-сентябрда башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан