"Таарыныч болду". Турсунбай Бакир уулу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесине кирбей калгандыгы боюнча БШКдан эмнени өтүндү?

Бүгүн, 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүүдө. Анда бир нече маселе каралды. Арасында Турсунбай Бакир уулунун "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесине кирбей калгандыгы боюнча БШКга кайрылуусу да каралууда. Анда Турсунбай Бакир уулуна сөз берилип, ал бул жагдай боюнча төмөнкүдөй айтып берди.

"Курултайга чейин жаман нерсе болгон жок. Баары сүйлөшүлгөндөй болду. Андан кийин эле тизме өзгөрдү. Таарыныч болду. Мен андан кийин тизмеде 22-номерге макул болдум.

Буга чейин тизмени көргөн жокмун. Сурасам дагы беришкен жок. Бул жакта мыйзам бузуу болду. Сиздер мыйзамдуу карап чыккыла. Мен өзүмдө бар бардык видеолорду арызга тиркедим", - деди ал.

Турсунбай Бакир уулу бул боюнча сотко кайрылбаганын, адегенде БШКга арыз бергенин белгиледи.

БШКда жыйын. Анда Турсунбай Бакир уулунун арызы да каралды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан