Адахан Мадумаров: "Турсунбай Бакир уулу эмнени каалап жатканын түшүнбөй турам"

"Турсунбай Бакир уулу эмнени каалап жатат билбей турам. Биздин партиянын тизмесине кирүүнүбү же партиянын каттоодон өтпөй калышынбы?", - деди "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров. Ал бул тууралуу БШК Бакир уулунун аталган партиянын атынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесине кирбей калгандыгы боюнча кайрылуусун карап жаткан жыйынында билдирди.

"Курултайда 120 адамдын тизмеси жарыяланган. Эгерде Турсунбай Бакир уулу биздин партиянын тизмесине киргиси келсе БШК макул десе киргизели", - деди Мадумаров.

Жыйында Мадумаровго "Курултайда партиядагы алдыңкы тизмедеги 20 адамдын аты-жөнүн окудуңуз беле?" деген суроо берилди.

"Жок, алдыңкы 20 адамдын тизмеси окулган эмес, бирок андагы белгилүү адамдардын аты окулган. Бул эми партиянын ички иштери, алар ар кандай номерде болчу", - деди Мадумаров.

БШКда жыйын. Анда Турсунбай Бакир уулунун арызы да каралды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
batleybesh
2020-09-03 09:59:46
Тулку
-3
Aituwas
2020-09-03 14:48:44
Бирин орук бирин тал,бирин олуп бирин кал....Баары бир шайлабайбыз бул чалдарды
-1
nurik838383
2020-09-08 02:01:37
Турсунбай ажы сасык саясатка малынып алып сасып атыптыр да, озунун партиясы менен бара бербейби колунан келсе шайлоого
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан