Бүгүн, 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы экс-депутат Турсунбай Бакир уулунун “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун аракеттерине каршы арызын карап жатат.
Турсунбай Бакир уулу “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттоодон баш тартууну талап кылды. Жумушчу топ бул билдирүүнү колдоп, БШКнын мүчөлөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгына байланыштуу саясий партияны каттоодон өткөрбөөнү сунуш кылды.
Учурда жыйын уланып жатат.