Бүгүн, 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясында Турсунбай Бакир уулунун "Бүтүн Кыргызстан" партиясына болгон арызы каралды.
БШК экс-депутат Турсунбай Бакир уулунун арызын канааттандырган жок. Мындан улам, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы парламенттик шайлоого катышуудан четтетилбейт. Буга чейин Турсунбай Бакир уулу БШКдан "Бүтүн Кыргызстан" партиясын каттоодон баш тартууну талап кылган.
Борбордук шайлоо комиссиясы Турсунбай Бакир уулуна сотко кайрылууну сунуштады. Анткени келип чыккан чыр-чатак ички партиялык талаш-тартыштардан улам келип чыккан.