Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын үстүнөн сотко кайрылат. Бул тууралуу ал өзү Борбордук шайлоо комиссиясында өткөн жыйындан кийин айтты.
"Мен чындыкты издөө үчүн Марста же Венерада сот болсо дагы кайрылам", - деди Турсунбай Бакир уулу.
БШК Турсунбай Бакир уулунун арызын канааттандырбай, ага сотко кайрылууну сунуш кылган.