Орусияда Кыргыз жарандары үчүн 11 шайлоо участогу ачылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Ага ылайык, 2 шайлоо участогу Москва шаарында, ал эми Владивосток, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Сургут, Якутск шаарларында бирден шайлоо участогу ачылганы айтылат.
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдындагы №9001, 9005 шайлоо участоктору - Москва;
Кыргыз өлкөсүнүн башкы консулдугунун алдындагы №9009 шайлоо участогу - Екатеринбург;
Кыргыз өлкөсүнүн башкы консулдугунун алдындагы №9010 шайлоо участогу - Новосибирск;
Элчиликтин канцеляриясынын алдындагы №9002 шайлоо участогу - Санкт-Петербург;
Элчиликтин канцеляриясынын алдындагы №9003 шайлоо участогу - Красноярск;
Элчиликтин канцеляриясынын алдындагы №9004 шайлоо участогу -Владивосток;
Элчиликтин канцеляриясынын алдындагы №9006 шайлоо участогу - Якутск;
Элчиликтин канцеляриясынын алдындагы №9007 шайлоо участогу - Иркутск;
Элчиликтин канцеляриясынын алдындагы №9013 шайлоо участогу - Түштүк-Сахалин;
Элчиликтин канцеляриясынын алдындагы №9014 шайлоо участогу - Сургут;
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген. Бүгүн, 3-сентябрда БШК шайлоо бюллетенине кирген талапкерлердин тизмесин бекитет. Ал эми эртең, 4-сентябрдан баштап партиялар расмий түрдө үгүт иштерин баштайт.