Шайлоо-2020: Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу БШК менен соттошот

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясы менен соттошот. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

Экс-депутат "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын үстүнөн жазган арызына карата БШКнын чыгарган чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкектин административдик сотуна кайрыларын билдирди.

"БШК "Шайлоо жөнүндө" мыйзамынын 61-беренесине ылайык партиянын курултайы бекиткен тизмени кабыл алууга милдеттүү эле. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы курултай күнү эмес, анын эртеси партиянын мүчөлөрү болбогон 3-4 киши тарабынан оңдолгон жана өзгөртүлгөн тизмени БШКга тапшырган. Кечээ, 2-сентябрдагы БШКнын жыйынында партия лидери Мадумаров ал фактыны моюнуна алып, «техникалык ката кетип калыптыр», «22-августта аппарат жетекчиси жана уюштуруу комитеттин башчысы жумуштан кетип калганына байланыштуу» деп актанды.
Менин арызымды БШКнын он мүчөсүнүн жетөө колдоду. Үчөө эле каршы болду. Бирок бир добуш менин пайдама жетпей калды. БШК жоопкерчиликтен качып, өзү карай турган маселени сотко шылтап салды. Бул алардын катачылыгы. Эми эртең, 4-сентябрда сотко арыз менен кайрылам", - дейт Бакир уулу.

Буга чейин Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жана анын лидери Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз менен кайрылган.

Анда Турсунбай Бакир уулу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКга берген талапкерлердин тизмесин каттоого албаш керектигин айткан. Кечээ, 2-сентябрда БШКнын жыйынында эск-депутаттын арызы каралып, ал канааттандырылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан