Бүгүн, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы "Мекен ынтымагы" саясий партиясынын тизмесин каттады.
Тизмеде жалпы 150 талапкер бар. БШКнын өкүлү партиянын талапкерлери 21 жаштан өткөндөр жана Кыргыз жарандары экенин айтты.
Кечээ, 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында "Ата Мекен", "Бир Бол", "Замандаш" жана "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын" тизмеси катталган.
4-октябрда өтө турган шайлоого үгүт иштери 4-сентябрда башталат.